Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Кыргызстанда экономикалык өсүш темпи туруктуу сакталууда. Азия өнүктүрүү банкынын божомолу боюнча, 2026-жылы экономиканын өсүшү болжол менен 8,9 пайызды, ал эми 2027-жылы 8,4 пайызды түзөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн “Азиянын өнүгүү сереби – Апрель 2026” аттуу отчеттун таанытымында белгилүү болду.
2025-жылдагы жогорку көрсөткүчтөрдөн кийин өлкө экономикасы акырындык менен тең салмактуу өнүгүү баскычына өтүүдө. Өсүштүн негизги булагы ички суроо-талап болууда. Ал эми ал инвестициялар жана акча которуулардын агымы менен колдоого алынууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Чжэн Ву өлкөдө реформалар ырааттуу жүргүзүлүп, жеке секторго колдоо көрсөтүлсө, туруктуу өнүгүү үчүн чоң потенциал бар экенин белгиледи.
Банктын божомолу боюнча, быйылкы жылы инфляция 10,3 пайыздын тегерегинде болуп, андан ары акырындык менен төмөндөшү күтүлөт.
Улуттук банк баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды улантат.
Маалымат үчүн: Азия өнүктүрүү банкы бул Азия-Тынч океан аймагында инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өсүштү колдогон алдыңкы көп тараптуу өнүгүү банкы. Ага мүчө өлкөлөр жана өнөктөштөр менен биргеликте татаал маселелерди чечүүдө инновациялык каржылык инструменттерди жана стратегиялык өнөктөштүктөрдү колдонуп, адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого көмөктөшөт. 1966-жылы негизделген банк 69 мүчө өлкөнү бириктирет, алардын 50сү Азия-Тынч океан аймагына кирет.