Ажылык-2026: Бишкектен 360 жаран ыйык жайга жөнөп кетти

Коом 15 Май 2026 16:55
f12e591f-06a1-460b-a37b-3437f0367aee.jpg
ac9c033c-141b-40f5-90cc-df73d8def97d.jpg
d9f2ad4b-3835-4bf7-b0d3-c51152ea0564.jpg
f1704f7c-0697-4513-b6c7-fbf934dc0f41.jpg
ab8a28ab-5ab2-4fef-9ebd-535ff665606e.jpg
adf96e74-806a-454b-89a1-e304f890d0b9.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бүгүн "Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек – Жидда багыты боюнча 360 зыяратчы ажылык сапарга аттанды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Болочок ажыларды узатуу иш-чарасына катышкан муфтий Абдулазиз Закиров зыяратчыларга ийгилик тилеп, ажылык ибадаттарынын кабыл болушун дуба кылды.

Бул Бишкектен Жидда шаарына учкан алгачкы рейс.

Ажылык сапарга алгачкы топ 10-майда Ош – Медина багыты боюнча жөнөп кеткен. Зыяратчыларды ташуу Flyadeal авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылууда

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан жалпы 6060 зыяратчы ажылыкка барат.