Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө тандоодо өлкөнүн ички саясаты, анын эл аралык аброю, ошондой эле акыркы беш жылдагы көрүнүктүү жетишкендиктери бааланган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов билдирди.
Анын айтымында, республиканын жогорку эл аралык аброюнун таанылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор — коңшу өлкөлөр менен мамлекеттик чек араларды ийгиликтүү макулдашуу жана акыркы беш жылда калктын жашоо деңгээлинин ырааттуу жогорулашы болду.
"Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун тарыхында терең из калтырат жана анын Коопсуздук кеңешинин ишине салмактуу салым кошот деп ишенем", — деп баса белгиледи дипломат.
Эске салсак, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланган. Добуш берүүгө 191 мамлекет катышып, анын жыйынтыгында Кыргызстан 142 добушка ээ болуп, ишенимдүү жеңишке жетишкен. Кыргызстандын аталган кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүнүн расмий иши 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат.