Азербайжандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет

Саясат 30 июль 2026 15:25
Азербайжандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев бүгүн, 30-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.

Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын бетме-бет форматындагы сүйлөшүүлөрүн өткөрүү, ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин үчүнчү жыйынын өткөрүү пландалууда.

Азербайжандын президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары кыргыз-азербайжан мамилелерин мындан ары чыңдоодогу маанилүү этап болуп калат.