Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди

Саясат 30 Июль 2026 19:40
760689961_1368270688706476_2906220000485109848_n.jpg
759716986_1010203658314443_3772901062329558311_n.jpg
758841088_990202860701208_2023850022942151034_n.jpg
759809926_2113172606287065_4678842912326762135_n.jpg
761414188_1669302267703040_1830780663645355421_n.jpg
760545354_2053838271885727_3240124802763952407_n (1).jpg
760545354_2053838271885727_3240124802763952407_n.jpg
760033713_1056088270475274_5540991205964001043_n.jpg
759622375_1610604940800671_6003595769121858754_n.jpg
760566633_2179665899256446_8806147022805884751_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Азербайжандын президенти Илхам Алиев бүгүн, 30-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

Президент Садыр Жапаров жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда тосуп алды.

Флагштокторго Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди.

Перрондо ошондой эле кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурасын чагылдырган инсталляциялар көрсөтүлүп, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөндөр маданиятынын элементтерин көрсөтүштү.

Андан соң эки өлкөнүн лидерлери үчүн кыргыз жана азербайжан элдеринин музыкалык чыгармаларын аткарган кыргызстандык өнөрпоздордун катышуусунда кыска концерттик программа тартууланды.

Мамлекеттик сапардын алкагында мамлекет башчылары эртең, 31-июлда эки жактуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашат.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.