Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. 30-июлдан 1-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Азербайжан жана Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу өтөт.
Жолугушууга Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Азербайжан президенти Илхам Алиев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев катышат.
Мамлекет башчылары соода, энергетика, туризм тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү, аймактагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашат.