Азамат Кадыралиев Анталияда Сириянын президенти менен жолукту

Саясат Загрузка... 18 Апрель 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 18.04.26. /Кабар/. Кыргызстан президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча президенттин атайын өкүлү Азамат Кадыралиев Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара менен жолугушту. 

Жолугушуу Анталия дипломатиялык форумунун алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын келечегин жана регионалдык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүдө күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти. 

Гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине, анын ичинде жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 

Азамат Кадыралиев Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну эки жактуу да, көп тараптуу форматта да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Жолугушуунун алкагында кыргыз тарап үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында өтө турган БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды. 

Ошондой эле Азамат Кадыралиев боордош араб мамлекеттеринин колдоосу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи. 

Өз кезегинде президент Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргызстандын талапкерлигин колдоого даяр экенин билдирип, тиешелүү чечимди расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтөрүн айтты.