Айыл чарба министрлигинде эттин баасын турукташтыруу маселеси талкууланды

Коом 17 ноябрь 2025 16:18
мясо.jpg
photo_5246805188251684941_y.jpg
photo_5246805188251684939_y.jpg
photo_5246805188251684940_y.jpg
Алдыга
Артка
мясо.jpg
photo_5246805188251684941_y.jpg
photo_5246805188251684939_y.jpg
photo_5246805188251684940_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин жетекчилиги астында, онлайн форматтагы кеңешме өттү.

Кеңешме Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, шаардык мэриялардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана базар жетекчилеринин катышуусунда өттү. 

Анын жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын, анын ичинде уй жана кой этине болгон бааларды турукташтырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө аймагында уй жана кой этине (сулп этинен тышкары) бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганы маалымдалды.

Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдарга элди фермерлерден түз жеткирилген эт менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштуруу тапшырмасы берилди.