Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жарандарды жана чарба субъектилерин жер мыйзамдарын так сактоого чакырат.
Жер – элибиздин негизги байлыгы. Аны туура жана мыйзамдуу пайдалануу ар бир жарандын милдети болуп саналат. Бирок, акыркы мезгилде айрым жарандар жер тилкелерин максатсыз пайдалануу, уруксатсыз ээлеп алуу жана мыйзамсыз кеңейтүү сыяктуу мыйзам бузууларга жол берип жатышат.
Төмөнкү эрежелер сакталуусу кажет:
- жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;
- тиешелүү документтер жана уруксат кагаздары менен гана иш жүргүзүү;
- химиялык жана биологиялык заттарды колдонууда белгиленген эрежелерди сактоо;
- жерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жана жакын жайгашкан аймактардын эсебинен кеңейтүүгө жол берилбейт.
"Эгер бул талаптар аткарылбаса, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 462-беренесине ылайык, күнөөлүүлөргө айып пул салынат жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.