Эми айдоочулар Аю Grand`дын айланасына токтоо үчүн акы төлөшөт

Коом 25 Февраль 2026 12:25
1771942409_large (1).jpeg
1771942394.jpeg
1771942398.jpeg
1771942403.jpeg
1771942419.jpeg
1771942429.jpeg
1771942434.jpeg
1771942440.jpeg
1771942457.jpeg
1771942464.jpeg
Алдыга
Артка
1771942409_large (1).jpeg
1771942394.jpeg
1771942398.jpeg
1771942403.jpeg
1771942419.jpeg
1771942429.jpeg
1771942434.jpeg
1771942440.jpeg
1771942457.jpeg
1771942464.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.02.26 /Кабар/. Борбор калаадагы Аю Grand соода борборундагы унаа токтотуучу жай эми акылуу болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган жерге коноктор унааларын акысыз токтотуп келишкен. Мындан ары ал саат 08:00дөн 20:00гө чейин акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотмо катары иштейт.

Белгиленгендей, уруксат берилбеген жерлерге, анын ичинде дарыгерлердин, бейтаптардын жана студенттердин унаасы токтой турган жерлерге көптөн бери коюлуп турган унаалар айып короосуна жеткирилди.

«Аталган аймакта «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасы түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Мамлекеттик каттоосу жок унаалардын токтоосуна уруксат берилбейт. Талапты бузган учурларда тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.