Айрым аймактарда кар жаайт – 3-февралда күтүлгөн аба ырайы

Коом 3 февраль 2026 08:55
Айрым аймактарда кар жаайт – 3-февралда күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-февралда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +6... +11, Суусамыр өрөөнүндө -6… -11, Талас облусунда +6… +11, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +7... +12, Ысык-Көл облусунда +3... +8, Нарын облусунда -2... -7 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +9... +11 градусту түзөт.