Аймактарга жараша көчөттөрдү кантип тандоо керек – багбандарга кеңеш

Коом Загрузка... 02 Декабрь 2025 12:00
4.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Көчөт тандоодо эң маанилүү нерсе — сиз жашаган аймактын климаты, жер кыртышы, күндүн тийүүчү жана вегетация мезгилинин узактыгы. Дал ушул шарттар сорттун ийгиликтүү өсүп-өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет.

Бул себептен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сортту туура тандоо боюнча кеңештерди берет:

Көчөттөр негизинен төмөнкүдөй бөлүнөт:

  • эрте бышуучу сорттор;
  • орто бышуучу сорттор;
  • кечки сорттор;
  • кышкы сорттор (узак сакталуучу).

Аймакка жараша туура сорт тандоо түшүмдүн көлөмүнө жана сапатына таасир этет. Төмөндө бардык негизги облустар үчүн сунуштар берилди:

Баткен облусу

Климаты ысык, күн көп тиет, жаз эрте келет. Буга байланыштуу эрте бышуучу жана эрте-орто сорттор сунушталат.

Эмне үчүн?

Жай ысык, түшүм эрте алынат, базарга биринчи чыккан мөмө-жемиш ар дайым кымбат турат.

Ош облусу

Аба ырайы Баткен облусуна окшош, бирок тоолуу райондор да бар. Ошондуктан Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондоруна эрте жана орто сорттор, ал эми тоолуу Алай, Чоң-Алай райондоруна орто, кечки сорттор жана кышкы сорттор сунушталат.

Жалал-Абад облусу

Мында Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунада жана Кара-Көлдө климаты жумшак келгендиктен орто сорттор, кечки сорттор, ал эми жарым тоолуу Токтогул, Ала-Бука, Чаткал райондоруна орто-кечки сорттор жанга кышкы сорттор сунушталат.

Чүй облусу

Жер семирткичке бай, климат ар түрдүү, сугат мезгили узак болгондуктан орто, кечки жана кышкы сорттор сунушталат.

Эмне үчүн?

Жай узак, мөмө-жемиш толук канып бышат, кышкы сорттор жакшы сакталат.

Талас облусу

Климат салкын, күндүү күндөр жетиштүү, бирок вегетация мезгили кыскараак. Ошондуктан бул аймакка орто сорттор, кечки сорттор (айрым гана) жана суукка чыдамдуу сорттор сунушталат.

Ысык-Көл облусу

Климат мелүүн-суук, шамал көп болот, кыш узагыраак болгондуктан кечки, кышкы жана тоого ылайыкташкан сорттор туура келет.

Эмне үчүн?

Суук түндөрдөн улам жай бышуучу жана сакталуучу сорттор өзүн жакшы көрсөтөт.

Нарын облусу

Өлкөнүн эң суук аймагы, эрте үшүк жүрөт. Буга байланыштуу тоолуу шартка ылайыкташкан эрте жана суукка чыдамдуу соттор сунушталат. Ал эми кечки жана кышкы сорттор көпчүлүк аймактарда жетишпей калат.

Баткен, Ош, Жалал-Абад (жалпылоо)

Түштүктө күн көп тийгендиктен арча, анар, шабдалы, өрүк сыяктуу жылуу аймакка ылайыктуу сорттор мыкты өсөт.

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын (жалпылоо)

Орто жана кеч бышуучу сортторду тандап, суукка чыдамдуулукка көңүл буруу маанилүү.

Натыйжада көчөт сатып алууда аймакка ылайыкташкан сорт экенин, суукка чыдамдуулугун, бышуу мөөнөтүн, ооруларга туруктуулугун жана сертификаты бардыгын текшерүү керек.