Айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталды

Коом Загрузка... 03 Ноябрь 2025 11:20
1.jpg
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдө күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн, 3-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар.

Бирок, буга чейин Кыргызгидромет кызматы 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.

Транспорт министрлигине караган Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери зарыл учурларда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.