"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы мыйзамсыз курулуш буздурулууда

Коом Загрузка... 23 Февраль 2026 10:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Атай Муратбек "Кабар" агенттигине билдиргендей, мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен бүгүн "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жанындагы курулушту демонтаждоо иштери башталды.

Анын айтымында, буга чейин куруучуга объектти өз ыктыяры менен бузуу үчүн үч күндүк мөөнөт берилген, бирок талаптар аткарылган эмес.

"Демонтаж иштерине 8 бирдик атайын техника жана 20 адамдан турган бригада тартылды. Коопсуздук чаралары толугу менен сакталууда. Демонтажга кеткен чыгымдар белгиленген тартипте куруучудан өндүрүлөт. Мэр иштерди толугу менен аяктоо үчүн бир жумалык мөөнөт койду. Ошону менен бирге, демонтаж учурунда подряддык уюмдун өкүлдөрү конструкцияны өз алдынча бузууга даяр экендиктерин билдиришти", — деди ал.

Эскерте кетсек, 19-февралда Бишкек мэри “Айчүрөк” соода борборунун жанындагы объектти 3 күндүн ичинде бузууну тапшырган.