Аялын өрттөгөн киши Талас мэриясында иштейт. Милиция окуяны териштирүүдө

Коом Загрузка... 06 Февраль 2026 18:25
WhatsApp Image 2026-02-06 at 14.40.31.jpeg

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аялдарды кордогондорго мыйзамдын катаал чараларын колдонууну сунуштады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин интернет айдыңында жаш келинди жолдошу күйүүчү май чачып өрттөгөнү жөнүндө маалымат тараган.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери келиндин жакындары менен байланышып, аянычтуу окуянын чоо-жайын тактады.

Окуя Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында 15-октябрда болгон. 28 жаштагы келинди мас абалындагы күйөөсү чыр чыгарып, ур-токмокко алган. Андан соң, май чачып, өрттөп жиберген. Келин жардам сурап кыйкырганда, жолдон өтүп бара жаткандар ооруканага алып барышкан. 3 күндөн кийин ал Таластагы ооруканадан Бишкекке которулган.

Жалпысынан 2 айга жакын ооруканада дарыланган келинди кайын журту анын күйүп калганы туурасында жакындарына айтпастан, кайра Таласка алып кетишкен.

Апасынын айтымында, кыздын кайын-журту дарыгерлерге келини от жагып жатып, бензин менен тамызганда күйүп калган деп жалган маалымат беришкен.

Окуя туурасында келин өзү да жакындарына айткан эмес. Жакында эле жолдошу мас болуп келип, кайрадан зомбулук көрсөтүп баштаганда гана апасына чалып, алып кетүүсүн өтүнгөн.

Учурда келин балдары менен бирге Бишкекте апасынын үйүндө. Ал учурда психологдун жардамына жана кайра дарыланууга муктаж. Апасы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазганын билдирип, зомбулук көрсөткөндөр жана аны жаап-жашыргандар жазага тартылышын талап кылууда.

Талас прокуратурасынан белгилешкендей, арыз Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлүп, териштирүү иштери башталды.

Акыйкатчы институту келинге жана жакындарына зарыл болгон укуктук жана психологиялык жардам берүүгө даяр экендигин билдиришти.

Бакай-Ата райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, келиндин күйөөсү 32 жашта, Талас шаардык мериясында иштейт.