Август Өзбекстандагы эң ысык айлардын бири болду

Дүйнө 11 сентябрь 2026 09:40
Август Өзбекстандагы эң ысык айлардын бири болду
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Өзбекстандын көпчүлүк бөлүгүндө метеорологиялык байкоолордун тарыхында биринчи жолу август айы ысык болду. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, Кашкадарыя жана Сурхандарыя облустарынын көпчүлүк райондорунда август айы байкоо жүргүзүлгөн бардык жылдардагы эң жылуу үч августтун катарына кирди.

Эң ысык күндөрү өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө абанын температурасы 39дан 41 градуска чейин болду. Бирок ай орточо эсеп менен абдан ысык болгонуна карабастан, абанын максималдуу температурасы дээрлик бардык жерде рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен эмес.

Синоптиктердин айтымында, Өзбекстанда август айы өзгөчө кургак болгон. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө жаан-чачын жааган эмес.

Быйылкы жай Өзбекстанда эң ысык жайлардын арасында экинчи орунду ээледи.