Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Самарканд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөр “Борбор Азия жана АКШ” (“С5+1”) форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында орун алды.
Анда тараптар “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууга, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө жана эки өлкөнүн аймактарынын биринчи форумуна даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.