Өзбекстандын калкы бир жылда дээрлик 700 миң адамга көбөйдү

Борбор Азия
Өзбекстандын калкы бир жылда дээрлик 700 миң адамга көбөйдү
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Өзбекстандын калкынын саны бир жылда 692,2 миң адамга көбөйүп, 39 миллион 535 миң 225 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата калктын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8%га өскөн.

Калкы эң көп аймак — Самарканд облусу. Анда 4 миллион 462 миңден ашык адам жашайт. Ал эми калкы эң аз аймак Сырдарыя облусу болуп, анда 965 миңден ашык адам катталган.