Авариялар 27 пайызга азайды: "Бишкекжылуулуктармагынын" натыйжалуулугу өсүүдө

Коом Загрузка... 18 Февраль 2026 18:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын ишин текшерди.

Мэриядан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө мэр №1 насостук станцияны жана 1985-жылдан бери жаңыртыла элек эски түтүктөрдү көрүп чыкты. Ага тутумдун туруктуулугун жогорулатуу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди.

Ишкананын маалыматы боюнча, ишканада акыркы үч жылда жылуулук тутумундагы авариялар 87ден 63кө чейин азайган.

"Көптөгөн түтүктөр жаңылоону талап кылат, биз аларды этап-этабы менен алмаштырып жатабыз. Баарын дароо жаңыртууга мүмкүн эмес,  иштер пландуу түрдө жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин жүргүзүү менен катар эң эскилиги жеткен тилкелерди алмаштыруудабыз. Шаар тургундарынан жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз", — деп белгиледи мэр.

Ошондой эле шаар башчысы жаңыланган диспетчердик борборду жана "ZULU GIS" тутумун көрдү. Бул технология жылуулук тармагын реалдуу убакытта көзөмөлдөп, күтүүсүз кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана техниканы GPS аркылуу башкарууга мүмкүндүк берет.

Жыйынтыгында Айбек Жунушалиев ишкананын ишин жогору баалап, абоненттик базаны  көбөйтүү жана 2025-2026-жылдардагы жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктоо милдетин койду.