Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. 26-июнда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу салтанаты өтөт. Буга байланыштуу коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо үчүн 5 миңден ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, салтанат өтүүчү жайларда, коомдук эс алуу борборлорунда, көл жээктеринде жана шаар сыртындагы аймактарда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн кайгуул кызматтарынын иши өзгөчө күчөтүлмөкчү.
Милиция кызматкерлери жашы жете электердин арасында кырсыктардын алдын алуу максатында бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери менен жеринде түшүндүрүү, эскертүү иштерин жүргүзүшөт.