Бишкек, 11.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда жол белгилерин чийүүдө колдонулчу термопластик өндүрүлө баштады. Бардык керектүү компоненттер жеткирилип, технологияны иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Таштанбековдун айтымында, тоолуу климат, температура жана колдонуу шарттары ар кандай болгондуктан, Кыргызстандын ар бир аймагы үчүн өзүнчө рецептура иштелип чыгууда.

"Мисалы, Суусамыр өрөөнү, Ысык-Көл жана Баткен облустары үчүн өздөрүнүн рецептурасы керек. Бул абдан кылдаттыкты талап кылган технологиялык процесс. Санкт-Петербургдан жана Ташкенттен адистер келишти. Биз ар кандай рецептураларды тактап жатабыз. Жакында эле аны Алматыдагы лабораторияга жөнөттүк, ал жактан технологияны бекитип беришти", - деди ал.
Эмилбек Таштанбеков белгилегендей, термопластиктин биринчи партиясы 20 тонна Баткен облусундагы ДЭУ-46га жеткирилди. Жазга чейин 1000 тоннага чейинки материалды даярдоо пландалууда, андан кийин аймактарга толук бөлүштүрүү иштери башталат. Учурда өндүрүштө 13 жумушчу иштеп жатат.

Завод негизинен жергиликтүү чийки затты колдонот: курамынын 51%ы Кочкор жана Лейлек карьерлеринен казылып алынган ак доломит уну. Ошондой эле өзүнүн тегирменинде 5 микронго чейин майдалана турган ак мраморду колдонуу сыноодон өткөрүлүүдө. Химиялык компоненттер Кытайдан импорттолот.
Бул долбоор "Вокко" ЖЧКсы менен түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишими аркылуу ишке ашырылды. Бул кызматташтыктын алкагында Сокулук районунда жайгашкан 1000 чарчы метрди түзгөн кирпич имарат өндүрүш базасы катары берилди.

Учурда завод толук жабдылган: зарыл болгон минералдык материалдарды майдалоочу эки тегирмен (доломит колдонулат), заманбап өндүрүш линиялары жана сапат стандарттарына жооп берген лаборатория бар.
Транспорт министрлигинен кошумчалашкандай, заводдун толук ишке кириши анын ички рынокту камсыз кылууга жана келечекте экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кароого өбөлгө түзөт. Мурда термопластиктер толугу менен импортко көз каранды болуп келсе, эми алар ички рынокто өндүрүлөт, бул логистикалык чыгымдарды азайтып, жол белгилеринин сапатын да жакшыртат.

Бул заводдо өндүрүлгөн термопласттар жогорку сапатта, бир жылдык кепилдик жана үч жылдык кызмат мөөнөтү менен келет. Мындан тышкары, продукциялар өлкөнүн ичинде курулуп жаткан жолдорго түз жеткирилет, бул баа жана сапат жагынан олуттуу артыкчылыктарды берет. Жеткиликтүү баадагы термопласттар жол курулушунда кеңири колдонулат, жол кыймылынын шарттарын жакшыртат жана жол коопсуздугун жогорулатууга салым кошот.
Транспорт министрлигинен белгилешкендей, бул долбоор Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жол коопсуздугун жакшыртуу максатында ишке ашырылууда. Мамлекеттик каржылоо 5 млн сомду туздү, ал эми жеке өнөктөш 17 млн сомдон ашык каражат бөлдү.