Ата мекендик бал өндүрүүчү 3 ишкана үчүн Европа рыногуна жол ачылды

Экономика Загрузка... 05 Июнь 2026 15:55
WhatsApp Image 2026-06-05 at 15.31.37.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын табигый балды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген үч ата мекендик ишканасы Европа биримдигинин TRACES (Trade Control and Expert System) тутумуна кирди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария кызматынан билдиришкендей, бул жетишкендик улуттук ветеринардык көзөмөлдөө тутумун Евробиримдиктин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча жүргүзүлгөн ырааттуу иштердин натыйжасы болуп саналат.

Эми ата мекендик ишканалар өз продукциясын Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге расмий түрдө экспорттой алышат.

Маалымат үчүн: TRACES тутуму продукциянын келип чыгышын, кыймылын жана ветеринардык документтердин туура таризделишин көзөмөлдөп, Евробиримдиктин санитардык талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.