Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Кулатов көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан Азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп-интернатынын окуучуларынын ата-энелери жана педагогдору мекемени Воронцовка айылына көчүрүү ыктымалдыгына каршы чыгышты. Бул тууралуу алар Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиришти.
Педагог Бекболсун Алымбаевдин айтымында, ал мектепте 10 жылга жакын убакыттан бери эмгектенет жана учурда көчүрүү маселеси курч турат. Ал ата-энелер буга каршы экенин жана бийликтен имаратты реконструкциялоону же жаңылоону, бирок мектепти ордунда сактап калууну суранып жатышканын белгиледи.
Алымбаев негизги жүйөөлөрдүн бири катары көрүүсү начар балдардын коомго ыңгайлашуусун атады. Анын айтымында, мектепти айылга көчүрүү балдардын коомдон обочолонуп калышына алып келет, ал эми балдар үчүн коом менен иштешүүнү жана шаар чөйрөсүндө багыт алууну үйрөнүү маанилүү. Ошондой эле ал логистикалык маселелерге токтолду.
"Эгер окуучуларды Воронцовкага ташый турган болушса, ата-энелер балдарын автобуска эрте алып чыгууга туура келет, натыйжада күн тартиби жана сабактардын жүгүртмөсү өзгөрөт", - деди ал.

Педагог Элмира Орозалиева мектепте 220 бала билим аларын билдирди: 176сы — жалпы билим берүү программасы, 44ү — көмөкчү программа боюнча. Анын маалыматына караганда, 125 окуучу интернатта жашаса, 95и үйүнөн келип окушат. Сабактан кийин балдар шаардагы кошумча сабактарга — курстарга, ЖРТга даярданууга жана ийримдерге барышат.
Ал белгилегендей, көптөгөн балдар Бишкектеги коопсуз маршруттарды жылдап өздөштүрүшкөн жана тааныш көчөлөрдө, аялдамаларда, транспортто, анын ичинде автобустардагы үн коштоосунун жардамы менен багыт алышат.
"Алар жолду билишет, көбү таяк (трость) менен басышат. Эгер мектеп Воронцовкада болуп калса, балдар обочолонуп калышат, андан кийин алар чоңойгондо кайрадан коомго көнүүсүнө туура келет", — деди Орозалиева.
Мындан тышкары, ал кыйынчылыктар балдарда гана эмес, аларды мектепке ташыган көрүүсү начар ата-энелерде жана туугандарында да жараларын кошумчалады.
Ата-энелердин бири Искендер Султаналиев мектептин көчүрүлүшү мүмкүн деген кабарды үй-бүлөсү оор кабыл алып жатканын айтты.
"Биз дээрлик уктабай калдык. Мен өзүм азизмин, жубайымдын көрүүсү начар. Биз балдарды мектепке такси менен жөнөтөбүз, анткени машина айдай албайбыз", — деди ал.
Анын айтымында, дүйнөдө инклюзивдик билим берүү өнүгүп жатат жана мындай мектептер, адатта, шаардын борборуна жакын жайгашат.
"Азыр менин кыздарым 5-6-класста окушат жана мектептен кийин ар кандай ийримдерге барышат. Алар чоңойгондо ЖРТга даярдоо курстарына барып, жогорку окуу жайга тапшырышса дедик эле. Ал эми көчүп кетсе, бул мүмкүнчүлүктөн ажырап калышат. Воронцовкада аларга ким кошумча курстарды өтөт? ЖРТга кантип даярданышат? Азыр кыздарым коомдо жашап, башка көзү көргөн балдар менен ойноп жатышат, эгер эртеден кечке Воронцовкада болушса, бул мүмкүнчүлүктөн ажырашат", — деди Искендер Султаналиев.
Ошондой эле ал мектептин көчүрүлүшү жолдун алыстыгынан жана тыгындардан улам балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, жол жүрүү күнүнө 3-4 саатка чейин созулуп, окуучулардын уйкусуна жана үй тапшырмасын аткаруусуна убакыт аз калат. Ал автобус балдарды түздөн-түз үйүнөн алып кетпей турганын, ата-энелер аларды чогултуучу пунктка чейин жеткирүүгө туура келерин белгиледи.
Мындан тышкары, азиз балдарга жолдо жүрүү кыйын экенин, алар тез чуркай албай турганын жана кошумча жол чыгымдары каржылык кыйынчылыктарды жаратарын белгиледи.