Ат чабыш: Кочкордун "Байэл" командасы Көчмөндөр оюндарына жолдомо алды

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 22 Июнь 2026 12:15
1048665459_0_160_3073_1888_1920x0_80_0_0_ea92c6c8d413de08b015db837b53eced.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн 200 чакырымдык "Көчмөндөр жүрүшү" ат марафонунда Кочкор районунун "Байэл" командасы экинчи орунду ээледи.

Команданын өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, аталган команданы тажрыйбалуу саяпкер Калыйбай Саралаев жетектеп, эки күнгө созулган таймашта жогорку даярдыкты көрсөттү. Натыйжада команда күчтүү атаандаштар арасында мыкты жыйынтыкка жетишип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга үч күлүк жолдомо утуп алды.

Биринчи орунду Түп районунун командасы алса, экинчи орунду "Байэл" командасы камсыз кылды. Үчүнчү орун дагы Кочкор районунун өкүлдөрүнө тийди.

Белгилей кетсек, бир ай мурда Ивановка айылындагы 200 чакырымдык марафондо Калыйбай Саралаевдин командасы төртүнчү орунду ээлеген. Бул жолу команда жыйынтыгын жакшыртып, күмүш байгеге татыды. Бул ийгиликтин негизинде "Байэл" командасы алдыдагы Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн экинчи жолдомосун алды.

"Мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан күчтүү командалар катышып, аттардын чыдамкайлыгы менен чабандестердин чеберчилиги сыналды",-деп айтылат маалыматта.