Ат-Башы районунда катуу шамал турак жайлардын чатырын учуруп кетти

Кырсык 1987 27 Март 2025 14:45
IMG_3738.jpeg
IMG_3739.jpeg
IMG_3740.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3738.jpeg
IMG_3739.jpeg
IMG_3740.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда бүгүн ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын жана Терек-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырын шамал учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Шамал басылгандан кийин жеринде Жарандык коргоонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иш-чараларын жүргүзөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну, өзгөчө кырдаалдарга кабылган учурда токтоосуз "112" кызматына билдирүүнү эскертти. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.