Ат-Башы районунда 13 жаңы кичи футбол аянтчасы курулду

Спорт 175 12 Август 2026 13:40
1775535096-1pgooet7.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Ат-Башы районунда президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен курулуп жаткан 13 кичи футбол аянтчасынын дээрлик бардыгынын курулушу аяктады.

Президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жакынкы күндөрү спорттук объектилер пайдаланууга берилет.

Күн мурун облус башчысы Нурбек Сатаров райондо курулуп жаткан кичи футбол аянтчаларынын бир катарын жеринен көрүп, аткарылган иштер менен таанышты.

Ал тиешелүү жетекчилерге курулуш иштерин сапаттуу аяктап, аянтчаларды белгиленген талаптарга ылайык пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, жаңы спорттук объектилердин абалын мындан ары да көзөмөлдөп туруу боюнча тапшырмалар берилди.

Жаңы кичи футбол аянтчалары райондогу балдардын жана жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүп, сергек жашоо образын жайылтууга багытталат.