Ат-Башы райондук электр тармактарынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Коом 14 ноябрь 2025 15:04
581833865_18083927378476120_2928606099816026319_n.jpg
582073377_18083927381476120_8184467699799929051_n.jpg
583350229_18083927393476120_1849807630438387619_n.jpg
Алдыга
Артка
581833865_18083927378476120_2928606099816026319_n.jpg
582073377_18083927381476120_8184467699799929051_n.jpg
583350229_18083927393476120_1849807630438387619_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бүгүн Ат-Башы райондук электр тармактарынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министр Таалайбек Ибраев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Белгиленгендей, өткөн жылы энергетика министри иш сапары учурунда районду тейлеген 65 кызматкердин эскилиги жеткен имаратын көрүп, кызматкерлерге шарты бар заманбап имарат куруу тапшырмасын койгон.

Коюлган тапшырмага ылайык, имаратты куруу иштери 2025-жылы май айында башталып, алты ай аралыгында толук бүткөрүлдү.

Жалпы аянты 360 чарчы метр түзгөн бул имарат эки кабаттуу, 70 кызматкерге ылайыкталып курулган. Объекттин сметалык баасы 25 млн 326 миң сомду түзүп, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан каржыланды. Ал эми курулуш иштерин түзүлгөн келишимге ылайык "Стрим Групп" ЖЧК тарабынан ишке ашырылды.