Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай менен жолугушту.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.
Марлен Маматалиев кыргыз жана казак элдеринин руханий жакындыгына токтолуп, эки өлкөдө тарыхый инсандардын жана залкар калемгерлердин элесин түбөлүккө калтыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалады.
Атап айтканда, Астана шаарындагы Манастын эстелиги, Бишкектеги Абай Кунанбаевдин эстелиги жана Чолпон-Атадагы Мухтар Ауэзовдун үй-музейи эки элдин ортосундагы маданий байланыштардын жаркын символу экенин белгиледи.
Муну менен катар Маматалиев көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын Астана шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгаруу маселесин көтөрдү.