Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Астана шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Жаштар иштери боюнча кеңешинин 36-жыйыны болуп өттү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын жаштар багытындагы базалык уюмдары жана КМШнын Аткаруу комитети катышты.
Кеңештин 36-жыйынында 12 маселе каралып, төмөнкү багыттар боюнча отчёттор жана сунуштар угулду:
- КМШ мамлекеттеринин эл аралык жаштар кызматташтыгы Стратегиясынын жана
жаштар ыктыярчылык (волонтердук) кыймылын колдоону өнүктүрүү концепциясынын ишке ашырылышы. - 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралардын аткарылышы.
КМШ өлкөлөрүндө концерттер, фестивалдар, спектаклдер, эскерүү кечелери, патриоттук сынактар, сабактар, илимий жыйындар өткөрүлгөнү белгиленди. - «КМШ үчүн 100 идея» эл аралык долбоорунун 2024–2025-жылдардагы жыйынтыктары чыгарылып, кийинки жылга карата кеңештин иш планы бекитилди.
- КМШ ыктыярчылар форумуна даярдыктардын жүрүшү жана кеңештин 20 жылдыгына арналган маалыматтык-аналитикалык жыйнакты даярдоо маселелери талкууланды.
- «КМШ жаштар үчүн. Жаштар КМШ үчүн» аттуу музейдик экспозиция үчүн материалдар каралды.
Жыйында мындан тышкары, 2025-жылдагы «КМШнын Жаштар борбору» эл аралык долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле 2026-жылы «КМШнын Жаштар борбору» статусун алчу шаар катары Армениянын Капан шаары бекитилип, долбоорду ишке ашыруу боюнча План долбоору жактырылды.