Бишкек, 21.09.26 /Кабар/. “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси жана Spectra Media продакшн студиясы “Тайган” сериалынын үчүнчү сезонун тартууга киришти.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, криминалдык детектив жанрындагы “Тайган-3” сериалы кийинки сезонун улантат.
Тартуу иштеринин башталышына арналган иш-чарага “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинин директору Эрмек Амантур уулу жана Кинематография департаментинин директору Талант Төлөбеков катышып, чыгармачылык топко ийгилик каалашты.