Астана – Бишкек түз аба каттамы ачылды

Коом Загрузка... 16 Октябрь 2025 14:15
16a045c4daa8aa9d2e5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. QAZAQ AIR компаниясы Астана менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрдан тарта аба каттамдары жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү ишке ашырылат.

Графиги: Астана 14:00 → Бишкек 16:50 / Бишкек 17:50 → Астана 19:00

QAZAQ AIR белгилегендей, авиакомпаниянын Борбор Азияга каттам тармагын кеңейтүү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин туризм, соода, билим берүү жана маданий программаларды өнүктүрүүгө дем берүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты кеңейтүү боюнча стратегиялык демилгесин ишке ашырууга багытталган.