Окуучулар үчүн Кыргыз авиациялык институтуна экскурсия уюштурулду

Коом 11 Май 2026 10:35
WhatsApp Image 2026-05-11 at 09.51.46.jpeg
whatsapp-image-2026-04-30-at-162133-2.jpeg
whatsapp-image-2026-04-30-at-162133-3.jpeg
whatsapp-image-2026-04-30-at-162133-1.jpeg
whatsapp-image-2026-04-30-at-162133-4.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-11 at 09.51.47.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорттук прокуратура

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Чүй облусунун Новопокровка айылындагы "Алтын Уя" мектебинин окуучулары үчүн И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна экскурсия уюштурулду. Бул тууралуу Транспорттук прокуратурадан билдиришти.

Экскурсия жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу жана кесиптик багыт берүү максатында уюштурулду.

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар окуу жайдын ишмердүүлүгү, авиация тарыхы менен таанышып, аудиторияларды, музейди жана аба кемелеринин макеттерин көрүштү.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, окуучулар адистер менен кызыктуу баарлашуу өткөрүштү. Мындан тышкары, окуучулар Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, студенттер тарабынан даярдалган салтанаттуу программага күбө болушту.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуучуларга Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы жана башка белектер тапшырылды.