Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Бүгүн Asman Airlines авиакомпаниясы 2 даана Airbus A321 учагын сатып алууга кол койду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, бул чечим каттамдар тармагын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиация рыногундагы позициясын бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Жакынкы 5 жыл ичинде Asman Airlines авиакомпаниясынын учак паркы 10 заманбап Airbus A321 учагы менен толукталат. Бүгүн Asman Airlines авиакомпаниясы өзүнүн өнүгүүсүндө дагы бир маанилүү кадам жасады. Европалык авиакуруучу Airbus корпорациясынан 2 даана Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду", - деди ал.