Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында быйыл 36 мектепти куруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев коллегиялык жыйында 2026-жылга карата социалдык инфраструктура объектилерин куруу пландары менен бөлүшүп жатып билдирди.
Анын айтымында, каржылоо булактары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- 20 мектеп — мамлекеттик бюджеттин эсебинен;
- 12 мектеп — Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына;
- 1 мектеп — Россия Федерациясынын колдоосу менен;
- 3 мектеп — жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулат.
“Бул имараттардын ишке киргизилиши мектептердеги ашыкча окуучулардын санын азайтууга шарт түзөт. Анткени учурда борбор калаада окуучулардын саны белгиленген ченемден 46 миңден ашып кетти”, – деп белгиледи ал.