Бишкек, 03.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 3-январда республиканын негизги ашууларында жол кыймылы толук камсыздалып, бардык багыттарда каттам ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жол тейлөө кызматкерлери тарабынан унаа жолдордо жана ашууларда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө.
Министрлик айдоочуларды кышкы жол шарттарын эске алып, унааны кышка ылайык даярдоого жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.