Ашууларда жол ачык, тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Аймак Загрузка... 09 Февраль 2026 10:55
WhatsApp_Image_2025_wN78hSD.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 9-февраль саат 10:30га карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметке туруу менен күнү-түнү тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.