Ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө

Коом Загрузка... 16 Декабрь 2025 09:15
1.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 16.12.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:00го карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Азыркы тапта № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Ал эми Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташыган унааларга карата киргизилген чектөө күчүндө. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, жети дубан жолдорунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.

Транспорт министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.