Ашууларда жол ачык, каттам бар - министрлик

Аймак 1230 05 Март 2025 09:57
IMG_2748.jpeg
IMG_2749.jpeg
IMG_2750.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2748.jpeg
IMG_2749.jpeg
IMG_2750.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 5-мартка карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, зарыл учурда кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.