Ашууларда кар жаап жатат. Жолчулар туз-кум аралашмасын себүүдө

Аймак
Ашууларда кар жаап жатат. Жолчулар туз-кум аралашмасын себүүдө
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Өлкөнүн бир катар тоолуу аймактарында кар жаап жаткандыктан жолчулар жолдорду кардан тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды себүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өтмөк, Төө-Ашуу, Талдык ашууларында кар жаап жатат. Аталган ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз камсыздалган.

Министрлик айдоочуларды узак сапарга чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерип, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонууну, жолдо ылдамдыкты азайтып, коопсуз аралыкты сактоону сунуштайт.