Ашууларда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

Аймак Загрузка... 25 Март 2025 10:10
486616996_964867889155291_3786960008505849398_n.jpg
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Сосновка постунда саат 22:30дан тарта жана Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 60-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда саат 23:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө азырынча күчүндө турат.

Жеңил унааларга каттам бар.

"Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.