Ашууларда жол ачык, каттам бар – 11:00гө карата маалымат

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 11:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. Бүгүн саат 11:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

"Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

"Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.