Ашууларда жол ачык, чектөө жок

Коом 29 декабрь 2025 09:40
FB_IMG_1766978850460.jpg
FB_IMG_1766978845655.jpg
FB_IMG_1766978848284.jpg
FB_IMG_1766978853001.jpg
FB_IMG_1766978854920.jpg
FB_IMG_1766978856944.jpg
FB_IMG_1766978858876.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1766978850460.jpg
FB_IMG_1766978845655.jpg
FB_IMG_1766978848284.jpg
FB_IMG_1766978853001.jpg
FB_IMG_1766978854920.jpg
FB_IMG_1766978856944.jpg
FB_IMG_1766978858876.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 09:00гө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.

Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

"Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү унутпаңыз", - деп эскертет министрлик.