Ашууларда жана жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом Загрузка... 28 Февраль 2026 15:45
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.14.09.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 28-февралдан 5-мартка чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-265-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала -Бел ашуусунда;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусу;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдарындагы Көк -Арт ашуусу;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.