Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүү кооптуулугу сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 18-февралдан 22-февралга чейин аба ырайынын жылышына байланыштуу төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:
- Бишкек – Ош: Төө-Ашуу, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу: 55-115-чакырымдар;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя: Чапчыма ашуусу;
- Бишкек – Нарын – Торугарт: Долон ашуусу;
- Каракол – Эңилчек: Чоң-Ашуу ашуусу;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад: Көк-Арт ашуусу;
- Красная-Горка – Акташ, Сары-Таш – Карамык, Арал – Миң-Куш жана Арал – Суусамыр жолдору.
Тоолуу жолдор менен каттай турган айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоого милдеттүү.
Министрлик зарылчылык болбосо кооптуу тилкелерге чыкпоого жана унааларда кар чынжырчаларын, күрөк жана алгачкы жардам үчүн керектүү каражаттарды ала жүрүүгө чакырат.