Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Кыргызстан аймагында 2026-жылдын 7-февралынан 9-февралына чейин жааган жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү болуу коркунучу жогору.
ӨКМдин маалыматына ылайык, төмөнкү унаа жолдорунун тилкелеринде кар көчкү жана тайгак жол шарттары күтүлөт:
- Бишкек–Ош унаа жолунун 121–138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
- Бишкек–Ош унаа жолунун 198–255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 65–101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка–Ак-Таш унаа жолунун 0–3-чакырымдарында;
- Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 65–110-чакырымдарында;
- Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45–90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).
Бул аймактарда жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн. Коопсуздук максатында унаалардын ортосундагы аралыкты кеминде 500 метр сактоо сунушталат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды этият болууга, жолго чыгуудан мурун аба ырайы тууралуу маалыматты тактоого чакырат.