Ашууларда кар. Унааларга киргизилген чектөөлөр күчүндө

Коом Загрузка... 29 Октябрь 2025 10:42
571583461_1282277983948053_1755330717132754666_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолдордо күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылууда.

Бүгүн саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында 28-октябрда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу жол жабык. Ушу тапта № 36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат. Бир саат аралыгында жеңил унааларга каттам берилери айтылды.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.