Ашууларда кар. Унааларга киргизилген чектөө күчүндө

Коом 820 04 Ноябрь 2025 09:45
574109690_1140101201631958_3721140060261286353_n.jpg
577059432_1140101154965296_2124925501991524968_n.jpg
Алдыга
Артка
574109690_1140101201631958_3721140060261286353_n.jpg
577059432_1140101154965296_2124925501991524968_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары тарабынан кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Министрлик айдоочуларды жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.

Белгилей кетсек, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап жатат.