Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
"Азыркы тапта өлкөнүн ашууларында кар майдалап жаап жатат. Тайгак тилкелерге инерттик материалдар себилип, тазалоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Транспорт министрлиги айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.