Асфальттан битумга чейин: Солтобаев транспорттук лабораторияны текшерди

Коом 349 10 Июнь 2026 11:35
WhatsApp_Image_WdlP8SN.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_aTy4d4X.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_C20Sapo.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_eVTOoln.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_m0mI2qs.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_puTcqii.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_qrlJWUW.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Vyuj95f.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_wU6Ldvn.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_wZBpvZX.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев ведомствого караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" мамлекеттик ишканасынын сыноо лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын директору Таалайбек Ашимбеков лабораториянын иши тууралуу айтып берип, ал бардык зарыл талаптарга жооп берерин белгиледи. Анын айтымында, бул жерде асфальт-бетон аралашмалары, инерттүү материалдар, битум жана башка жол курулуш материалдары сыноодон өткөрүлөт.

"Кыргызжолтрансдолбоор" МИнин сыноо лабораториясынын негизги максаты жол курулуш материалдарын сыноонун жогорку сапатын камсыз кылуу болуп саналат, бул жол тармагында сапаттуу чийки заттардын жана материалдардын колдонулушуна өбөлгө түзөт.

Ошондой эле министрге лабораториялык сыноолорду өткөрүү процесси көрсөтүлүп, материалдардын сапатын текшерүү кандайча жүргүзүлөрү тааныштырылды.

Эске салсак, бүгүн Талантбек Солтобаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында бир катар объекттерди кыдырууда. Бул долбоор ведомствонун ишмердүүлүгү жана жер-жерлердеги инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.