Азия чемпионаты: Асан Жанышов алтын медаль утту

Спорт 7 апрель 2026 21:42
Азия чемпионаты: Асан Жанышов алтын медаль утту
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык спортчу Асан Жанышов чемпион болду.

87 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан балбан финалдык беттеште ирандык Голамреза Фарокхисенжани менен кез келди.

Анда Асан Жанышов атаандашын 11:4 эсебинде ишенимдүү жеңип, алтын медаль тагынды.